Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Өспүрүмдөр абагына камалгандар саны азаюуда


Кыргызстанда өспүрүмдөр абагына камалгандардын саны жыл сайын азаюуда. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчынын кеңсесинен кабарлашты. Мекеменин кызматкерлери Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү менен бирге жакында №14 колонияга барып, ал жакта тарбияланып жаткан балдардын абалы менен таанышып келишти.

Абактын жетекчиси Кыялбек Бейшекеев кылмыш кылган балдар менен иштөө оңой эмес экенин, ошондуктан кызматкерлердин педагогикалык-психологиялык ишмердүүлүгүн жакшыртуу жаатында колдоо керек болуп жатканын айтты.

Акыйкатчы мекемесинин балдар бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Колоповдун пикиринде, абакка түшкөн балдардын санынын азаюусуна Кыргызстанда ювеналдык юстиция, башкача айтканда, кылмыш жасаган өспүрүмдөр боюнча териштирүүнү сотко жеткирбей, ата-эне, мектептин жардамы менен түшүндүрүү иштерин жайылтуу себеп болууда.

Өлкөдө өспүрүмдөр үчүн бир гана колония бар. Ал Чүйдүн Вознесеновка айылында жайгашкан. Бул абакта 14-18 жаштагы кылмышкерлер кармалат. Эки жыл мурда 37 бала жатчу, азыр 27. Көбү уурулук, каракчылык, маңзат үчүн түшкөндөр, төртөө адам өлтүргөнү үчүн эркинен ажыратылгандар. (RK)

XS
SM
MD
LG