Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Венада мигранттар кризиси талкууланат


Бүгүн Венада Евробиримдиктин жана Чыгыш Балкан өлкөлөрүнүн лидерлери мигранттар кризисин талкуулашмакчы. Ага Германиянын канцлери Ангела Меркель жана шаркеттин тышкы саясатын жетектеген Федерика Могерини катышмакчы.

Австрия баш калаасына ошондой эле Албания, Босния жана Герцеговина, Косово, Македония, Монтенегро жана Сербиянын өкмөт башчылары менен министрлери келишти.

Еврошаркетке кирүүгө умтулган мигранттардын көбү “Балкандар жолун” пайдаланышат жана Македония, Сербия аркылуу Венгрияга, андан ары Австрия, Германия жана Батыштын башка мамлекеттерине агылышат. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун мигранттар кризисин жөнгө салууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG