Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:05

Чыгыш Украинада абал курчуп баратат


Украин аскерлеринин маалымат катчысы билдиргенине караганда, соңку 24 саатта орусиячыл жикчилер менен кармаштарда 7 жоокер окко учту, 13 аскер жарадар болду. Июлдун ортосунан бери бир күндө мынчалык көп жоготуулар катталган эмес.

Кечээ АКШ президенти Барак Обама жана Германия канцлери Ангела Меркель Чыгыш Украинадагы абалды телефондон талкуулашты. Мамлекет башчылар Минск келишимине карабай, зордук-зомбулук токтобой жатканын белгилешти. Обама Киев өз милдеттенмелерин аткарып жатканын айтып, Москва да ошондой кадамга барыш керектигин белгиледи.

Ак үйдүн билдирүүсүндө орусиячыл жикчилердин күчтөрү украин аскерлери менен чектешкен тилкеде чабуулдарын күчөтүшкөнү маалымдалат. 26-августта Киев бийлигинин жана козголоңчулардын өкүлдөрү 1-сентябрдан тарта ок атышууну токтотуу келишимин бузбоого аракеттенишери макулдашылган.

XS
SM
MD
LG