Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Сегиз жыл кулчулукта жүргөн ноокаттык аял табылды


Сегиз жыл Казакстанда кулчулукта жүргөн кыргызстандык келиндин дайыны табылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ал өзү бул мекеменин номурун таап, телефон аркылуу байланышка чыккан. Сегиз жаштагы баласы менен качып жүргөнүн кабарлаган.

Учурда бул окуя ички иштер жана тышкы иштер министрликтери аркылуу иликтенип, аларды Кыргызстанга алып келүү аракети көрүлүүдө. Алдын ала маалыматка караганда, жоголгон келин Ош облусунун Ноокат районунан болот.

Укук коргоочулардын айтымында, Казакстанда мал багып, талаада иштеп, документи жок, кулчулукта жүргөн кыргызстандыктардын саны аз эмес. (YI)

XS
SM
MD
LG