Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

АКШда ИМ тобун колдогону үчүн 17 жаштагы өспүрүм соттолду


“Ислам мамлекети” террордук тобуна жардам берген деген айып менен Виржиния штатында Манассас шаарчасынын тургуну, 17 жаштагы Али Шукри Амин 11 жылга эркинен ажыратылды. Соттун чечимине ылайык, ал камактан чыккандан кийин да өмүр бою полициянын көзөмөлүндө болот.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, Амин интернеттеги террордук топтун тарапкерлерине каржылык көмөк көрсөткөн жана социалдык тармактар аркылуу виртуалдык Bitcoin валютасын колдонуу ыкмаларын үйрөткөн. Июнь айында ал күнөөлүү деп табылган эле.

Серепчилердин баамында, Амин экстремисттерге материалдык колдоо көрсөткөн эң жаш америкалык болуп саналат. (SE)

XS
SM
MD
LG