Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

“Ата Мекен” бир катар медиа мекемелерди сотко берди


“Ата Мекен” партиясы КТРК менен ЭлТРди жана Knews маалымат агенттигин сотко берди. Партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова аталган медиа мекемелер партияны каралаган маалыматтарды таратканын “Азаттыкка” билдирди.

Августтун ортолорунда Орусиядагы мигранттардын башын бириктирген айрым уюмдар шайлоодо “Ата Мекенди” колдой турганы жөнүндө маалымат жыйын уюштурган. Андан кийин мигранттар менен иштеген башка уюм өкүлдөрү жогорудагы билдирүүгө нааразылыгын билдирген сюжет аталган эки телеканалда көрсөтүлгөн. Ошол эле өңүттөгү макала Knews агенттигине чыккан.

- Анда биздин партиядан шайлоого бараткан кишилерди бир тараптуу жамандаган баяндар берилген. Биз тараптан эч кандай комментарий алышкан эмес. Ал кезде шайлоонун датасы аныкталган эле, ошондуктан муну шайлоо алдындагы буйрутма катары кабыл алдык,- дейт Токтакунова.

Ал эми аталган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү эч кандай буйрутма эместигин, баянда журналистиканын талаптары сакталганын белгилейт.

"Ата Мекендин" арызы Бишкектеги Ленин райондук сотунда 8-сентябрда каралат. (SE)

XS
SM
MD
LG