Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Атамбаевге башка өлкө президенттеринен куттуктоолор келе баштады


Президент Алмазбек Атамбаевге эгемендиктин 24 жылдыгына карата башка мамлекет президенттеринен куттуктоо каттары келе баштады. Алгачкы телеграммаларды Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзинпин, Өзбекстандын мамлекет башчысы Ислам Каримов, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, жапон императору Акихито, Азербайжан президенти Илхам Алиев, АКШ президенти Барак Обама, Тажикстандын мамлекет жетекчиси Эмомали Рахмон жана башкалар жөнөттү. Бул тууралуу өлкө жетекчисинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстан эгемендик майрамын 31-августта белгилейт. 1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG