Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

Кыргыз жана тажик расмийлери маңзатка каршы күрөштү талкуулады


Ички иштер министрлигине караштуу Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев узаган аптада Дүйшөмбү шаарына барып, тажик президентинин алдындагы Маңзатты көзөмөлдөө агенттигинин директору Рустам Назарзода менен жолукту. Маңзатты көзөмөлдөө кызматынан билдиришкендей, кыргыз делегациясынын сапарынын максаты – коңшу өлкөнүн тажрыйбасы менен таанышуу болду.

Жолугушуу учурунда тараптар маңзат бизнесине каршы күрөштө кызматташууну жандантуу боюнча макулдашты.

Маңзат соодасы Тажикстанда олуттуу түр алганы соңку кездери көп айтылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG