Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

Тажик президенти кызын орден менен сыйлады


Тажикстан президенти Эмомали Рахмон кызы Озода Рахмонду биринчи даражадагы “Шараф” (Даңк) ордени менен сыйлады. Тажик мамлекет башчысынын 37 жаштагы кызы Тышкы иштер министринин 1-орунбасары болуп иштейт.

Озода Рахмон мамлекеттин экономикасынын, социалдык тармагынын, билим берүү жана маданият багытынын өнүгүшүнө кошкон салымы, мамлекеттик, аскерий жана коомдук иштерге активдүү катышып келатканы үчүн сыйланганын жергиликтүү булактар маалымдашты.

Президент Эмомали Рахмон 9-сентбярда белгиленчү эгемендиктин 24 жылдыгына карата ишемби күнү бир катар аткаминерлерди сыйлады.

“Шараф” ордени мамлекеттик бийик даражалуу сыйлык болуп эсептелет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG