Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Жогорку Рада жанындагы кагылышта жараланган экинчи жоокер каза тапты


Улуттук гвардиянын жарадар жоокерин жолдоштору сүйрөп баратышат. Киев, 31-август 2015.
Улуттук гвардиянын жарадар жоокерин жолдоштору сүйрөп баратышат. Киев, 31-август 2015.

31-августта Украин парламентинин жанында болгон кагылышууда жарат алган дагы бир жоокер каза тапты. Кечээ тирешүүдө Улуттук гвардиянын бир жоокери өлүп, кеминде 122 адам жарадар болгон.

Жаңжал Жогорку Рада жикчил Донбасстын айрым райондоруна өзгөчө макам берүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышына байланыштуу чыккан. Добуш берүүнүн жыйынтыгын АКШ колдоду. ”Биз бүгүн Украин парламенти борбордук бийликти бөлүшүү боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алганын колдойбуз. Бул жакшы башкарууну көздөй жасалган маанилүү кадам. Минск келишиминин маанилүү бөлүгүн аткарууга жардамдашат,”-деп билдирди Мамдепартамент өкүлү Жон Кирби.

АКШ, Германия, Орусия, Евробиримдик Киевдеги окуяга кабатырланып, украин парламентин борбордук бийликти бөлүшүү багытында ишти улантууга жана Минск келишимдерин аткарууга үндөдү.

Премьер-министр Арсений Яценюк 31-августтагы калаба үчүн ашынган улутчулдарды күнөөлөдү.

Кагылышка байланыштуу 18 киши, анын ичинде Ички иштер министрлигинин “Сич” батальонунун эки жоокери кармалды.

XS
SM
MD
LG