Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:45

Азербайжан соту журналист Хадижа Исмаиловага өкүм угузат


Хадича Исмаилованын жактоочулары сот имаратынын сыртында турушат. Бакы, 31-август 2015
Хадича Исмаилованын жактоочулары сот имаратынын сыртында турушат. Бакы, 31-август 2015

Жогорку бийликтеги коррупцияны изилдеген “Азаттык” радиосунун кабарчысы Хадижа Исмаилова салык төлөгөн эмес, мыйзамсыз ишкердик кылган, мүлктү мыйзамсыз менчиктеп алган, укугун бейчеки пайдаланган деп айыпталууда.

Исмаилова 31-августтагы сот жараянында Азербайжан өкмөтүн “репрессиячыл машине” деп атап, өзү саясый жүйөөдөн улам айыпталып жатканын айткандан кийин анын сөзүн бөлүп сүйлөттүрбөй коюшкан. Ага карабастан ал изилдөөлөрүнө таянып президент Илхам Алиев өкмөттүк бюджетти коромжу кылганын, андан Алиевдин үй-бүлөсү гана пайда көрүп жатканын айткан.

Мамлекеттик айыптоочу журналистти 9 жылга эркинен ажыратууну сураган.

XS
SM
MD
LG