Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

25 кыргыз аскери БУУнун тынчтык орнотуу күчтөрүндө кызмат өтөөдө


Кыргызстандык 25 аскер Бириккен Улуттар уюмунун тынчтык орнотуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөөдө. Бул маалыматты "Азаттыка" Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы таксыктады.

Учурда алар Судан, Либерия, Дарфур жана Гаитиде кызмат өтөп жатышат. Коргоо министрлиги согуштук аракеттер жүргөн аймактарга дагы 70 адистен турган талаа бейтапканасын жана 150 аскер жиберет. Алар учурда даярдыктан өтүшүүдө. Алар БУУнун чечиминен кийин гана согуш аракеттери жүргөн аймакка тартылат.

"Бейтапканага англис тилин билген медиктерди издегенбиз. Бирок, андайлар аз болгондуктан, акыркы 4 жылдан бери үйрөтүп жатабыз", -дейт Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын медициналык башкармалыгынын башчысы Аман Матисаков.

БУУнун тынчтык миссиясына кошулгандар кеминде алты ай согуш аракеттери жүргөн аймактарда болушат. Андан кийин ар бир аскердин каалоосу менен келишим узартылат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Кыргызстан эгемендик алгандан бери 100 ашуун жоокер тынчтык орнотуу миссиясын аткарып келишкен.(КЕ/JM)

XS
SM
MD
LG