Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Кытайдагы парадга Улуттук гвардия жоокерлери да катышты


Бүгүн Кытайдын Бээжин шаарында Экинчи Дүйнөлүк согуштун 70 жылдыгына арналган парад өтүүдө. Тяньаньмэнь аянтындагы параддан 10 миңге жакын жоокер өттү. Биринчи жолу Кытай тарап чет өлкөлүк жоокерлердин катышуусуна уруксат берди.

Миңге жакын чет өлкөлүк жоокерлердин катарында Улуттук гвардиянын ардактуу кароолунун ротасынан 74 жоокери да бар. Алар парадга даярдануу үчүн августтун ортосунда Кытайга учуп кетишкен.

Кытай тарап 40 түрлүү 500 техниканы, 20 түрлүү 200 учакты парадга алып чыгары күтүлүүдө. Парадга ардактуу кароолдун аялдар бөлүгү да катышты. Парадга дүйнөнүн 50гө жакын мамлекет башчысы чакырылып, алардын отузу келди. Парадга Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев баштаган делегация да катышууда.

Кечээ Кытайдын төрагасы Си Цзинпин кыргыз президенти менен жолугушууда 70 жыл мурдагы жеңиштин маанисине токтолуп, мында Кыргызстандын жана Советтер Союзундагы боордош өлкөлөрдүн ролу да чоң болгонун белгилеген.

Кытайда жүргөн кабарчыбыздын айтуусунда, ушул тапта Бээжинде коопсуздук чаралары катуу күчөтүлгөн. Парадды 3 миңге жакын журналист чагылдырат. Атамбаевдин Кытайга визити 3-сентябрда жыйынтыкталат. Президент Бээжинден кийин Иранга иш сапар менен барат. (КЕ/ZMa)

XS
SM
MD
LG