Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Кытай тилин окуткан мектептин пайдубалы түптөлдү


Бишкектин “Жал” кичи районуна ачыла турган кытай мектебинин пайдубалы түптөлүп, ага Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов катышты. Мэриянын маалымат катчысы Гуля Алмамбетованын “Азаттыкка” айтымында, мектеп 600 окуучуга ылайыкташкан. Анда жөнөкөй жана атайын 24 класс ачылат. Окуу кыргыз, кытай, орус тилдеринде өткөрүлөт. Жалпы билим берүүчү мектеп Кытайдын кайтарымсыз грантынын эсебинен курулууда. Курулуш ишин бир жылда бүтүрүп, келерки сентябрда ачуу пландалган.

Кыргыз-кытай келишимин ратификациялаган мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылы кол койгон. Кыргызстанда соңку учурда кытай тилине жана маданиятына кызыккандардын саны өсүүдө. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG