Казакстандык футболисттер Чехиянын курамасына 1:2 эсебинде утулду. Европанын 2016-жылкы чемпионатынын алкагындагы беттешүү 3-августта Чехиянын Плзень шаарында өттү. Биринчи топту таймаштын 21 мүнөтүндө казакстандык оюнчу Евгений Логвиненко киргизди. Оюндун 74 мүнөтүндө чех футболисти Милан Шкода эсепти теңеп, 86 мүнөттө дагы бир топту коноктордун дарбазасына сокту. Бул группада ошондой эле Исландия, Нидерландия, Литва, Түркиянын курама командалары бар.