Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

БУУ: Евробиримдик 200 000 качкынды кабыл алууга тийиш


Венгриядагы качкындар
Венгриядагы качкындар

Мындай кайрылууну БУУнун Качкындар агенттигинин башчысы Антони Гутерес 4-сентябрда жасады. Евробримдик сунуш кылынчу “массалык кайра жайгаштыруу программасынын” алкагында качкындар кризисине каршы күрөшүү үчүн жапырт чара көрүүгө тийиш. "Биригип чара көрүлбөсө, андан аткезчилер утат" дейт Гутерес.

Быйыл Европанын байгер өлкөлөрүнө жетебиз деген 300 миңден көп качкын Жер Ортолук деңизинен өтүштү. Алардын көбү Жакынкы Чыгыштын жана Африканын коогалаңдуу мамлекеттеринен.

Венгриянын Бисче шаарында 200дөй мигрант менен полициянын тиреши уланууда. 3-сентябрда мигранттарга Австрияга барчу поездге чыгууга уруксат берилип, кийин бирок качкындар лагерине баруу талап кылынган. Будапешт темир жол воказалында поездге түшө албаган жүздөгөн мигранттар Австрияны көздөй жөө жалаң жөнөштү. Розке шаарындагы качкындар лагеринен 300дөй мигрант качып кетти.

XS
SM
MD
LG