Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Кишиневдо полиция менен митингчилер кагылышты


Молдова -- Кишиневдогу митинг, 6-сентябрь, 2015.
Молдова -- Кишиневдогу митинг, 6-сентябрь, 2015.

Кишиневдун борбордук аянтындагы бир канча миң киши катышкан митингде Молдова президенти Никола Тимофтини кызматтан кетирүү жана мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүү талаптары коюлууда. Митингчилер Башкы прокуратуранын имаратына кирмекчи болгондо кагылышуу болуп, бир канча киши жабыркаганы жана бир аялды ооруканага алып кетишкени кабарланды.

Бүгүнкү акцияны уюштурган "Ар-намыс жана адилеттүүлүк" кыймылы аянтка жүз миңден ашуун эл чогулганын билдирди. Өлкөнүн ички иштер министрлиги болсо митингге 30 миңдей адам катышып жатканын кабарлады.

Митингчилер президенттин отставкасынан сырткары үч коммерциялык банктан алынган миллиард евро кредитти кайтаруу, Улуттук банктын, Башкы прокуратуранын, Коррупцияга каршы комиссиянын, Жогорку Соттун жетекчилерин кызматтан кетирүүнү, мамлекеттик институттарды реформалоону жана сөз эркиндигин камыздоону талап кылууда.

Алар талаптары аткарылмайын борбордук аянттан тарабасын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG