Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Британия эл аралык жардам каражатын качкындарга сарптамакчы


Британиянын Каржы министри Жорж Осборн Сириядан келген качкындарды жайгаштырууга кетүүчү каражат мамлекеттик бюджетте эл аралык жардамга бөлүнгөн акчадан алынарын билдирди. Би-би-сиге курган маегинде Осборн Британия качкындарга колдоо көрсөтүү үчүн дагы көп иш кылууга тийиш деп айтты. Анын айтуусунда, өкмөт Сириядан келген качкындарга жардам берүүнү күчөтөт.

Мурдараак премьер-министр Дэвид Кэмерон Британия миң сириялык качкынды кабыл аларын айткан эле, Осборн качкындардын саны тууралуу маалымдаган жок.

Ишембиде Австрия 12 миң, Германия 13 миңден ашуун качкынга башпаанек беришкен. Алардын дээрлик баары Жакынкы Чыгыштан согуштан улам мекенинташтап келгендер болчу.

XS
SM
MD
LG