Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

Кытайда кыргыз банктарынын өкүлчүлүктөрүн ачуу каралууда


Кыргызстандын Улуттук банкы Кытайдын каржы рыногуна кирүү маселесин караштырууда. Бул тууралуу бүгүн Кытайдын Элдик банкынын Үрүмчү борбордук филиалынын президенти Гуо Жянвей менен жолугушууда Улуттук банк төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, каржы инструменттерине кытай валютасы юанды инвестициялоо, Улуттук банктын Кытайдын каржы рыногуна кирүүсүн, коммерциялык банктардын ал жакта филиал ачуусун камсыз кылуу жактары каралууда. (RK)

XS
SM
MD
LG