Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

Президенттик аппарат "Республика Ата-Журтту" от менен ойнобоого чакырды


Камчыбек Ташиевдин Чүйдүн Аламүдүн жана Сокулук райондорунда кошумча шайлоо участоктору ачылганы тууралуу билдирүүсү аймак аралык кастыкты козутууга багытталган. Президенттик аппарат бүгүн ушундай мазмунда билдирүү таратып, "Республика Ата-Журт" партиясын шайлоо алдындагы үгүн иштерин таза өткөрүп, от менен ойнобоого чакырды.

Президенттик аппарат Камчыбек Ташиевдин "бийлик партиясы өз электоратын көбөйтүү үчүн президент туулуп өскөн аймакта жаңы шайлоо участокторун ачып жатат" деп Ошто шайлоочулар менен жолугушууда айтканын кутум деп атады.

Ташиев жетектеген "Ата-Журт" партиясы 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого "Республика" партиясы менен бирге барууну чечкен. Кечээ, 6-сентябрда "Республика Ата-Журт" Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү.

Президент Алмазбек Атамбаев Аламүдүндүн Арашан айылында туулган.

Мамлекет башчынын аппаратынын маалыматына караганда, Чүйдө жаңы участоктор ачылган жок, болгону, биометрикалык маалыматын Бишкекте тапшырган, бирок каттоосу жок ички мигранттар үчүн Бишкекте жана Ошто 39 кошумча шайлоо участогу ачылууда. Көз каранды эмес эксперттер бул ыкма добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого жол ачат деп сындоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG