Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт


8-сентябрда Беларустун Гродно шаарында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммити өтөт.

Жыйынга Кыргызстандан өкмөт башчы Темир Сариев баштаган делегация катышат. Саммитте өнөр жай саясатын координациялоо, макроэкономикалык жана каржылык туруктуулукту камсыз кылуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен мамилени өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Анын жыйынтыгында интеллектуалдык менчикти коргоо жаатында биргелешип иштөө тууралуу келишим жана товарларды идентификациялык белги менен маркировкалоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу тууралуу макулдашууга кол коюлат.(ZKo;UEz)

XS
SM
MD
LG