Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Шайлоочулардын тизмеси 2,6 млн. ашты


Биометрикалык каттоодон өтүп, добуш берүүчү катары катталган кыргызстандык жарандардын саны 2 млн. 605 миңден ашты. Бул тууралуу 1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 7-сентябрда Бишкектеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жолугушууда билдирди.

Ал эми борбор калаада биометрикалык маалымат тапшырган жарандардын саны 497 152 кишини түздү.

Жолугушууда борбор калаадагы райондордун акимдери кошумча тизмеге жана кошумча шайлоо участогуна киргизүүнү өтүнгөн шайлоочулар көп болуп жатканын билдиришти. Алардын баары катталган жери башка жакта, бирок жашаган жери Бишкекте болгон ички мигранттар.

БШК шайлоочулардын тизмесин толуктоо жараяны 19-сентябрда аяктарын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG