Алар үч айлык эмгек акысын берүүнү талап кылышууда. Орусиянын Тольятти шаарындагы “АвтоВАЗагрегат” заводунун 500дөн ашуун жумушчу катышкан нааразылык акыркы убактардагы эң ири акция болду. Алар айлык акыларын берүү менен кошо ишкана жетекчилигин мамлекеттик көзөмөлгө алууну жана заводду сактап калууну талап кылышты.
Ушул тапта заводдун жумушчуларга карызы 38 млн. рубль. Август айынын аягында шаардык прокуратура ишкананын жетекчилерине жана ээсине айлык акы төлөбөй жатканы үчүн кылмыш ишин козгогон.