Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

БУУ: Дүйнөдө 750 млн. киши сабатсыз


Булардын баары жаш-курагы жетилген адамдар, алардын үчтөн экөө аялдар, деп билдирди БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун. Бул Жер шарынын ар бир онунчу кишиси жаза да, окуй да албайт дегенди түшүндүрөт.

”Мектеп курагындагы 250 млн. баланын сабаты жоюлган эмес, 124 млн. бала мектепке барбайт” деп айтылат БУУнун билдирүүсүндө.

Пан Ги Мун жалпы сабаттуулукту камсыз кылуу үчүн өкмөт менен бизнесмендерди биргелешип аракет кылууга чакрыды.

8-сентябрь Эл аралык билим күнү. Бул күн ЮНЕСКО тарабынан 1966-жылы негизделген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG