Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Кышка жакын Кыргызстанда азык-түлүк баасы 15% өсүшү мүмкүн


Өндүрүш продукцияларын жеткирүүчүлөр бирикмесинин божомолунда Кыргызстанда күздүн соңунда азык-түлүк баасы 15% кымбаттайт. Буга сомдун куну улам түшүп баратканы негиз болууда. Уюмдун президенти Гүлнара Өскөнбаеванын айтымында, сомдун кескин арзандашы шайлоодон кийинки учурга туш келиши мүмкүн:

- Азыр көп ишкерлер шайлоодон кийин сомдун девальвацияланышынан кооптонуп турушат. Бул жагдай талкууланып жатканы менен Улуттук банк тараптан расмий билдирүү боло элек. Биздин байкообузга ылайык, баалар өсөт. Анткени, жайда сомдун куну түшүп, банктарда пайыздык үстөктөр жогорулаган кезде дароо эле базардагы баалар да көтөрүлгөн.

Бирикменин адистери 15% кымбаттоо алдын ала божомол экенин, кышка жакын балким андан да өсүшү мүмкүндүгүн белгилешет.

Кыргыз сомунун куну соңку үч-төрт айдан бери түшүп жатат. Ушул тапта 1 АКШ доллары 66-67 сомго барабар болууда. (SE)

XS
SM
MD
LG