Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Милиция мектепке барбай жүргөндөрдү аныктоодо


Милиция жана билим берүү кызматкерлери республика боюнча "Саламатсыңбы, мектеп!" рейдин өткөрүүдө. Үч күн ичинде атайын түзүлгөн топтор шаарлардагы базар, коомдук тамактануу жайларын, интернет клубдарды текшерип, мектеп маалында окууга барбай жүргөн балдарды аныктайт. Алар тууралуу маалымат тиешелүү мекемелерге жөнөтүлүп, ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Кечээ, рейддин биринчи күнүндө эле 1 саат ичинде Бишкекте 30га жакын бала окуу убагында мектепке барбай, соода-сатыкта же башка жайларда жүргөнү белгилүү болду.

Ата-энесинин көзөмөлү жоктугунан улам мектепке барбай жүргөн балдар проблемасы Кыргызстан үчүн актуалдуу бойдон калууда. Президент Алмазбек Атамбаев быйыл август айында мугалимдердин жылдык конференциясына катышып жатып расмий эсепте андай балдардын саны 80 миңге жеткенин айтып, буга билим берүү тармагы күнөөлүү экенин айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG