Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Арсен Эралиев Бразилиядагы олимпиадага жолдомо алды


Арсен Эралиев кызыл кийимчен
Арсен Эралиев кызыл кийимчен

Кыргызстандык балбан Арсен Эралиев 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо алды. Күрөштүн биргелешкен дүйнөсү уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, ал 8-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун алкагында грек-рим күрөшүнөн 5-орунду ээледи.

59 кг салмакта күч сынашкан Арсен алгач Гватемала, Эквадор жана венгриялык атаандаштарын утуп, жарым финалга чыкты.

Ал беттеште азербайжандык Равшан Байрамга 4:0 эсебинде жеңилип, кийин коло байге үчүн күч сынашууда түндүк кореялык Вон Чол Юнга 0:8 эсебинде утулуп, 5-орунду алды.

Бүгүн грек-рим күрөшүнөн 85 кг чейин салмакта Жанарбек Кенжеев, кыз-келиндер күрөшүнөн 53 кг чейин салмакта Розалия Тилегенова килемге чыгышат.

Буга чейин жеңил атлетчи Юлия Андреева олимпиадага жолдомо алган. (ECh)

XS
SM
MD
LG