Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Жол чырак орнотууну талап кылган тургундар Бишкек-Ош жолун буушту


Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын тургундары бүгүн Бишкек-Ош унаа жолун тосушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү тургундар кабарлашты.

40ка жакын адам катышып жаткан нааразылык акциясына кечээ, 8-сентябрда Кулбаев атындагы орто мектептин 1-классынын окуучусун машина коюп, мерт кетиши себеп болду.

Окуучунун жакындары жана айылдаштары бийликтен жол чырак (светофор) орнотуп берүүнү талап кылышты. Алар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуп, талапты аткарууну убада кылышты.

Мындан бир ай мурун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургунун да Ош-Бишкек жолунда бараткан унаа коюп кетип набыт болгон эле. Буга чейин жол боюнда жайгашкан Отуз-Адыр, Кара-Дөбө, Каарман жана башка айыл тургундары да жергиликтүү бийликтен жолчырак орнотуу талаптарын айтып келишкен.

Ал эми Ош облустук милициясы жол тосулбаганын, акция өткөрүү аракети гана болгонун, окуучунун өлүмүнө айыптуу киши кармалганын айтууда. (YI)

XS
SM
MD
LG