Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

АКШ Гелманд чөлкөмүндөгү соккунун чоо-жайын иликтейт


Америкалык тергөөчүлөр Ооганстандын түштүгүнө урулган аба соккунун чоо-жайын териштирет. Ооган бийлиги 6-сентябрда НАТОнун соккусунан маңзаттарына каршы агенттиктин 11 кызматкери аткезчилерди кармоо операциясы учурунда мерт кеткенин билдиришкен.

АКШ армиясынын кол башчылары ал күнү Гелманд чөлкөмүндө аба чабуулу жүргүзүлбөгөнүн, 11 киши Ригестан чөлүндө өлгөнүн ырасташууда. Июлда АКШ аскерлери согушкерлер деп жаңылышып, оогандык 8 жоокерди капысынан өлтүрүп алышкан. Америка ал окуя үчүн кечирим сураган.

XS
SM
MD
LG