Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:22

Пара талап кылган милиция кызматкери колго түштү


УКМКнын басма сөз кызматынын маалымдашынча, Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын кичи лейтенанты жол кырсыгына кириптер болгон эки жарандан окуя боюнча кылмыш ишин козгобош үчүн 50 миң сом пара талап кылган деп шектелүүдө. Бул жарандын 5-сентябрда пара алып жатканы аныкталып, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөн.

7-сентябрь күнү милиция кызматкери колго түшүрүлүп, ага каршы Кылмыш кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Ушул тапта шектүү жаран УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Тергөө амалдары башталды. (AzK)

XS
SM
MD
LG