Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Конституциялык палата биометрика боюнча чечим чыгарат


Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Конституциялык палата биометрика маселеси боюнча тараптардын пикирлерин угуп бүтүп, судьялар чечим чыгарууга кетишти.

Доо арыз жолдогон укук коргоочулар Токтайым Үмөталиева менен Нурбек Токтакунов жарандарды биометрикалык каттоого алуу мыйзамсыз экенин айтып, сотко быйыл май айында кайрылган. Алар биометрикалык маалыматтарды сактоо системасы коопсуз болбогонун, аны таза шайлоо шылтоосу менен элге таңуулоо туура эмес экенин билдирүүдө.

Ал эми жооп берүүчү тарап биометрика жөнүндөгү мыйзам Конституциянын бардык пункттарына дал келээрин айтып, арыз элеринин дооматтарын четке кагууда. Алар шайлоонун алдында биометрикалык маалыматтардын чогултулушу сапаттуу шайлоо тизмесин иштеп чыгууга шарт түзөт деп ишендирип келишет. (AzK)

XS
SM
MD
LG