Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:08

Алмазбек Атамбаев Эмомали Рахмон менен жолугушту


Кыргызcтандын президенти Алмазбек Атамбаев 14-сентябрда Дүйшөмбүдөгү иш сапарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчылар кыргыз-тажик кызматташуусунун түрдүү багыттагы актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүктөр чоң экендигин белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев кош тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулоого жакшы шарт түзүлгөндүгүн билдирип, “эки тараптуу мамилелерди, эки элдин ортосундагы жылуу кошуналык мамилелерди жана достукту бекемдөөгө багытталган чараларды шашпай, ишенимдүү маанайда талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүгү бар экенин» ырастады.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Атамбаев Тажикстан уюмдагы ийгиликтүү жана натыйжалуу төрага болгонун белгиледи.(ZKo)

XS
SM
MD
LG