Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Венгрия чек арада мигранттарды кармай баштады


Венгрия -Сербия чек арасынын серб тарабында турган мигранттар. 15-сентябрь, 2015-жыл.
Венгрия -Сербия чек арасынын серб тарабында турган мигранттар. 15-сентябрь, 2015-жыл.

Венгер полициясы бүгүн билдиргендей, алар Сербия менен чек арадагы тосмодон мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген тогуз сириялык, жети ооганстандык мигрантты кармашты.

Жакынкы Чыгыш, Азия, Африкадан келген мигранттар агымын токтотууну көздөгөн мындай чара Венгрияда бүгүнтөн тарта күчүнө кирген жаңы мыйзамдын талаптарына ылайык көрүлүүдө.

Ага ылайык, Сербия менен чек арадагы зым тосмону бузуп киргендер кылмыш жоопкерчилигине тартылып, түрмөгө камалат же депортацияланат.

Будапешт чек араны бузган мигранттарды кармоону баштар алдында Евробиримдик Италия, Греция, Венгрияга буга чейин кирген 120 миң качкынды уюмга мүчө өлкөлөрдө милдеттүү квотанын негизинде бөлүп жайгаштыруу маселесин макулдаша албай койду.

Качкындардын милдеттүү түрдө бөлүштүрүлүшүнө Чехия, Словакия, Венгрия каршы болууда. (UE)

XS
SM
MD
LG