Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Изилдөө: өспүрүмдөр сабагы шашкеде башталганы жакшы


Британиянын окумуштуулары өспүрүм курактагы балдардын мектептеги сабагы эртең мененки ондо башталса саламаттык үчүн пайдалуу болорун аныкташты.

Адамдагы биологиялык сааты жеткинчек кезде али жетиле элек болуп, мектеп жашындагы балдар таңкысын эрте тура албай кыйналышат. Англиянын Бредфорд шаарында болгон Британиянын илим фестивалында уйкуну изилдеген окумуштуулар мектепке эрте турган өспүрүмдөр күн сайын экиден саат кем уктап, психологиялык жана жалпы саламаттыгына чоң кедерги тийип жатканын айтышты.

Оксфорд университетинин илимпоздору жүзгө чукул жеткинчекти байкоого алышкан. 14 жаштан 24 жашка чейин адамдын биологиялык сааты толук калыптана элек болот, андыктан бул жаштагылар кечкисин кеч уктап, таңкысын тура албай кыйналышат, деген тыянак чыгарышты. (BCh)

XS
SM
MD
LG