Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Бишкекте тигүүчүлөргө муктаждык көп


Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы өтүмдүү жумуш орундарынын тизмесин жарыялады. Анда биринчи орунда тигүүчүлөр, артынан сатуучу, ашпозчу, курулушчу, коопсуздук кызматкерлери, официанттар, жүк ташуучуларга муктаждык арбын экени белгиленген.

Ошондой эле кыймылсыз мүлк агенттерине, мугалимдерге, кассирлерге да суроо-талап жогору.

Расмий маалыматтарда, ушул тапта Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 8,3 % түзөт. Эмгекке жарамдуу калктын 205 миңден ашууну жумушсуз.

Ал эми көз карандысыз байкоочулар иши жок жүргөндөрдүн саны мындан да көп экенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG