Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:14

Дүйшөмбү: Назарзода Кабиринин тапшырмасын аткарган


Тажикстандын Коргоо министринин мурдакы найыбы А. Назарзода
Тажикстандын Коргоо министринин мурдакы найыбы А. Назарзода

Тажик бийликтеринин кабарлашынча, Абдухалим Назарзода тыйуу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы менен байланышта болгон. Коргоо министринин мурдакы найыбы Назарзода кечээ Рамит капчыгайындагы операция кезде жок кылынган.

Бүгүн Тажикстандын Башкы прокурорлугунун билдиришинче, Назарзода жана анын тарапкерлери Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабиринин тапшырмасын аткарууга аракеттенген. 20дан ашык топту уюштурган деп шектелип, Ислам кайра жаралуу партиясынын бир нече жетекчиси жана активисттери кармалган.

Азыр тыш өлкөдө жашаган Кабири Дүйшөмбүнүн билдирүүсүн калпка чыгарды.

Тажик бийликтери Назарзоданы жана анын жөкөрлөрүн 4-сентябрда Дүйшөмбүдө жана Вахдат шаарларындагы кагылыш үчүн күнөөлөгөн. Эки калабада 26 адам, анын ичинде 9 милиционер жана 17 согушчан окко учкан.

XS
SM
MD
LG