Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Тбилисинин мурдагы мэри соттолду


Грузияда борбор шаар Тбилисинин мурдагы мэри Гиги Угулава кечээ, 18-сентябрда 4,5 жылга кесилди. Шаардык сот ага мамлекеттин акчасын мыйзамсыз короткон деген айып такты. Судья Лаша Чхартишвилинин айтымында, Угулава 2009-2010-жылдары Саакашвилинин партиясындагы жүздөгөн активисттерди жумушка мыйзамсыз орноштурган.

Угулава тергөө абагына былтыр камалган. Бирок жакында аны камоо мыйзамсыз болгону аныкталып, бошотулган болчу.

Экс-президент Михаил Саакашвилинин союздашы Угулава шаардык соттун кечээ күнкү чечимин бийликтин куугунтуктоосу деп атап, кийинки инстанцияга доо арыз менен кайрыларын айтты. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG