Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:20

Кеминде жүргүнчүнү зордуктоого шектелген таксист кармалды


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, Кемин шаарында укук коргоо кызматкерлери тарабынан жүргүнчү аялды зордуктады деп шектелген таксист шериги менен колго түшүрүлдү.

Арыз менен кайрылган 32 жаштагы Кеминдин тургунунун айтуусунда, 15-сентябрда түнкү саат 11 жарымдар чамасында ал Кеминдеги дүкөндөрдүн биринин жанынан таксиге олтурган. Каскелең айылына жеткен учурда унаанын айдоочусу жанындагы шериги менен күч колдонуп аны зордукташкан.

Кылмышка шектүү 28 жана 25 жаштагы жарандар убактылуу тергөө абагына камалып, тергөө жүрүп жатат.(AzK/AKu)

XS
SM
MD
LG