Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Өкмөт Кара-Кече боюнча ири долбоорду ишке ашырууга кызыкдар


Бул туурасында премьер-министр Темир Сариев ишкерлер менен жолугушууда билдирди. Анын айтуусунда, бул демилге Балыкчы - Кара-Кече темир жолун куруу, кенди комплекстүү иштетүү жана Жумгалда жылуулук электр станциясын курууга байланыштуу.

“Жыл соңуна чейин биз бул долбоор боюнча тендер өткөрөбүз. Аны ишке ашыруу менен 10 миң жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул жылы биз Бишкектин жылуулук борбору үчүн Казакстандан 1 миллион тонна көмүр алууга аргасыз болдук. Эгер “Кара-Кече” долбоору ишке ашса, анда бир жарым жылдан кийин биз Бишкек жылуулук борборун өзүбүздүн көмүргө өткөрө алабыз. Бул казынадагы акчаны олуттуу үнөмдөөгө шарт түзөт”,- дейт Сариев.

Мындан тышкары “Сары-Жаз” мамлекеттик корпорациясы түзүлөрү, эгер Кытай тарапты көздөй аккан Сары-Жаз суусуна ГЭС курула турган болсо, анда Кыргызстандын Кытайга 1 квт электр энергиясын 1 центтен сатуу мүмкүнчүлүгү пайда болору айтылды.

Аталган ГЭСтин курулушуна Кытай тарап кызыкдар экендиги айтылууда .(AzK/Aku)

XS
SM
MD
LG