Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

Грекиядагы шайлоодо “Сириза” партиясы кайрадан утуп чыкты


Мурдагы премьер-министр Алексис Ципрас, 20-сентябрь, 2015-жыл
Мурдагы премьер-министр Алексис Ципрас, 20-сентябрь, 2015-жыл

Грекиядагы кезексиз парламенттик шайлоодогу добуштардын 99 пайызы саналгандан кийин мурдагы премьер-министр Алексис Ципрастын “Сириза” партиясы утуп чыкканы белгилүү болду. Алдын ала жыйынтыктар боюнча Сириза партиясын добуш берүүгө келгендердин 35 пайызы колдогон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады. Грекияда парламенттик шайлоо 20-сентябрда өттү.

“Сириза” 300 орундуу парламенттен 145 мандат алат деп күтүлүүдө. Анын башкы атаандашы - консерваторлордун “Жаңы демократия” партиясына 75 мандат тийиши мүмкүн.

Ципрас коалицияны оңчул “Жаңы гректер” партиясы менен түзөөрүн жарыялады. “Жаңы гректер” буга чейинки парламентте да “Сириза” партиясынын өнөктөшү болгон.

20-сентябрдагы шайлоодо добуш берүү үчүн Грециянын 9,2 миллион жараны катталган.

“Сириза” партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Алексис Ципрас эл аралык кредиторлор менен бир нече айга созулган оор сүйлөшүүлөрдөн кийин кызматтан өткөн айда расмий чегинип, мөөнөтсүз шайлоо жарыялаган болчу.

Ал кредиторлордон дагы 86 миллиард евро насыя алыш үчүн үнөмдөө чараларына барганы партиясынын ичинде нааразылыктарды жараткан.

Ципрас өзү анда кредиторлордун шартына көнүп, салыкты көбөйтүп, чыгымды азайтуудан башка арга калбаганын моюнга алган.

XS
SM
MD
LG