Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Милиция Курман айтта күчөтүлгөн режимде иштейт


Милиция 24-сентябрь – Курман айт күнү Бишкек, Ош шаарларында жана облустук борборлордо күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, учурда милиция тиешелүү кызматтар менен биргеликте экстремисттик уюмдардын ар кандай аракеттерин алдын алуу боюнча оперативдик иш-чараларды өткөрүп жатат.

УКМК ушул жылдын 16-июлунда Бишкекте атайын операция өткөрүп, 4 террорчуну жок кылып, жетөөн колго түшүргөн. Атайын кызмат куралчан топ 17-июлда эски аянтка Айт намазга чогулгандарды жардырмак деп маалымат тараткан болчу. (UEz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG