Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Киселев: Кыргызстан төңкөрүштөрдөн сабак алууга тийиш


Мындай пикирин орусиялык журналист, “Орусия бүгүн” маалымат агенттигинин жетекчиси Дмитрий Киселев кыргызстандык басма сөз өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Ал Орусия ички саясатын эч бир өлкөгө байлабасын белгилеп, кандай жолду тандоону Кыргызстан өзү чечүүгө тийиш экендигин билдирди. Киселев ошондой эле АКШны дүйнөдө туруксуздукту алып келүүчү катары айыптап, Ирак, Сирия, Украинадан кийин Кыргызстан да төңкөрүштөрдөн сабак алууга тийиш экендигин белгиледи.

Кыргызстанда 2005-жылы үй-бүлөлүк башкаруу режимине нааразы болгон эл дээрлик 15 жыл бийликте отурган Аскар Акаевди кызматтан кууган. Анын ордуна келген Курманбек Бакиевдин бийлигин кайра эле ошол жолго түшкөнү үчүн 2010-жылы 7-апрелде кулаткан. Кыргызстандын эли 2010-жылы 26-июнда Элдик референдум аркылуу парламенттик башкаруу системасын тандап алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG