Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Орусияда курулуштагы мигранттарды 65% кыскартуу сунушталууда


Орусиянын эмгек жана социалдык коргоо министрлиги курулушта иштеген чет элдик жарандардын санын 65% чейин кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун Мамдумага киргизди. Ага ылайык, курулуштагы чектөө 2016-жылдан баштап ишке кирүүгө тийиш.

Министрликтин маалыматы боюнча, Орусиянын курулуш тармагында инвестициялардын кыскарышы чет элдик жумушчуларга муктаждыкты азайтууда. Келерки жылы курулуш көлөмүнүн азайышы күтүлгөндүктөн, анда эмгектенген орус жарандарын иш менен камсыз кылуу зарылдыгы пайда болору мыйзам долбоорунда белгиленген.

Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык мигрант иштейт. Алардын көпчүлүк бөлүгү курулушта эмгектенет.(LzT;ZKo)

XS
SM
MD
LG