Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:01

"Путиндин банкири" Орусияга каршы сотко арыз берди


Президент Путин ири ишкер Сергей Пугачевду кабыл алууда. Москва, 2000-жыл.

Президент Путин ири ишкер Сергей Пугачевду кабыл алууда. Москва, 2000-жыл.

Бир кезде Кремлдеги таасиринен улам "Путиндин банкири" деген атка конгон мурдагы олигарх Сергей Пугачев Орусияны он миллиард доллардан ашык айыпка жыгуу өтүнүчү менен Гаагадагы арбитраждык сотко кайрылды. Ал муну президент Путиндин каарына калганы үчүн бизнес-империясы кыйраганына негиздеген. Мындай арыз сотко ушул дүйшөмбүдө жолдонгонун Пугачевго жакын адамдар атын айтпоо өтүнүчү менен Reuters агенттигине билдирди.

Орусия азыр аталган соттун 50 миллиард төлөөгө милдеттендирген башка токтомуна каршы турууга аракеттенүүдө. Бир кезде Михаил Ходорковский жетектеген Орусиядагы эң ири мунай өндүрүүчү ЮКОС компаниясынын активдерин тартып алууга байланышкан бул чечимди сот былтыр чыгарган.

Борис Ельциндин президенттигинин акыркы жылдарында Путинге бийликтин бийик тепкичине чыгышына салым кошкон Пугачев 2008-жылдагы финансылык кризистен кийин Путиндин айрым күчтүү союздаштары менен тил табыша албай калган. Ал 2011-жылы Орусиядан чыгып кеткен соң Путиндин союздаштарын кеме куруучу ири жайларды, Сибирдеги көмүр кендерин камтыган бир канча миллиарддык бизнес-империясы менен мыкты активдерин тартып алды деп айыптаган.

Орусия бийликтери болсо Пугачев өлкөнүн Борбордук банкынан кредит алган банкы кыйраган соң анын мүлкүн ээлеп алып, каражатты орунсуз жок кылганы үчүн издөөдө жүргөнүн жарыялаган. Пугачев өзү мындай айыптоону четке кагып келет. Орусиянын суроосу боюнча Интерпол ага издөө салган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG