Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Кыргыз-чех ишкерлеринин бизнес-форуму өтөт


Бишкекте Кыргызстандын жана Чехиянын ишкерлери 28-сентябрь күнү бизнес-форумга чогулушат. Бул тууралуу "Азаттыкка" форумдун уюштуруу тобунун өкүлү Марат Жаанбаев билдирди. Анын айтымында, ага Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар ишкерлер чакырылган.

Форум алкагында Прага-Бишкек-Алматы же Прага-Бишкек-Гуанжуо аба каттамын ачуу маселеси да каралат. Мурдараак “Чехия аба жолдору” Бишкек менен аба байланышын түзүүгө кызыгуусун билдирген.

Эки өлкөнүн экономикалык катнашын бекемдөө максатында Бишкекте Чехиянын консулдугун ачуу жагы да талкууланат.

Кыргызстан менен чехиялык ишкерлердин ортосунда жеке алака гана болбосо, ири бизнес-долбоор жокко эсе. (SE\JM)

XS
SM
MD
LG