Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46

Кыргызстанга Йом Хынг Сок келди


Бүткүл дүйнөлүк шайлоочулар ассоциациясынын башкы жетекчиси Йом Хынг Сок Кыргызстанда "Шайлоону башкарууну жакшыртуу” долбоорунун жүрүшү менен таанышуу үчүн келди.

25-сентябрда ал БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов менен жолугушуп, Кыргызстанды Бүткүл дүйнөлүк шайлоочулар ассоциациясына мүчө болуп кирүүсү менен куттуктады. Ошондой эле “Шайлоону башкарууну жакшыртуу” долбоорунун ийгиликтүү ишке ашуусуна көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жакынкы күндөрү Кыргызстанга ассоциациянын 52 эл аралык байкоочу 4-октябрдагы парламенттик шайлоого көз салуу үчүн келет.

Парламенттик шайлоо өнөктүгүнө жана добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салуу үчүн КМШ мамлекеттеринен, ЕККУнун байкоочуларынан да келери кабарланган.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 300 ашуун эл аралык байкоочулар көз салат. БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун айтуусунда, ушу тапта эл аралык байкоочулардан өтүнүч каттар келип түшүүдө. Аларды каттоо 1-октябрда токтойт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG