Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

“Кыргызстан” партиясынын үгүтчүсү жараат алды


Нарын облусунун Кочкор районунда “Кыргызстан” партиясынын үгүтчүсү Бектур Назаров бычактан жараат алды. Ага “Республика-Ата-Журт” партиясынан парламенттик шайлоого талапкер катары катталган Азизбек Эсенов бычак шилтегенин “Кыргызстан” партиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Азизбек Эсенов “Кыргызстан” партиясынын жарнама-баннерин алып салган. Мындан улам Бектур Назаров аны менен чырлашып кеткен.

Жаракат алган жаран ооруканада, дарыгерлер анын абалы оор экенин айтууда. Окуя боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу кабарланганы менен Нарын облустук ички иштер башкармалыгы “Азаттыкка” муну тастыктаган жок.

“Республика – Ата Журт” партиясынын өкүлдөрү юрист жагдай менен таанышып жатканын, кийинчерээк толук маалымат берилерин билдирди. (SE\BK)

XS
SM
MD
LG