Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Йозеф Блаттерге каршы кылмыш иш ачылды


Швейцариянын Башкы прокуратурасы Эл аралык футбол федерациясы - ФИФАнын төрагасы Йозеф Блаттерге каршы кылмыш ишин козгоду. Блаттер кызматынан кыянат пайдаланган жана уюмдун каражаттарын максатсыз короткон деп шектелүүдө. Прокуратуранын 25-сентябдагы билдирүүсүнө ылайык, Блаттер суракка тартылып, ФИФАнын баш кеңсесинде, төраганын иш жеринде тинтүү жүргүзүлүп, айрым документтер алынды.

Өткөн жумада федерациянын башкы катчысы Жером Вальке кызматынан убактылуу четтетилген. Тергөөчүлөр анын Бразилияда 2014-жылы өткөн дүйнө чемпионатына билеттерди мыйзамсыз схемалар аркылуу сатуу ишине тиешеси бар-жогун текшеришүүдө. Майдын этегинде ФИФАда ири коррупциялык жаңжал тутанып, Цюрихте уюмдун жогорку 7 өкүлү кармалган. Иликтөө иши АКШда, андан кийин Швейцарияда да башталган.

XS
SM
MD
LG