Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:50

Каталонияда жергиликтүү ассамблеяга шайлоо өтүүдө


Бүгүн Испаниянын түндүк-чыгышындагы Каталония провинциясында жергиликтүү ассамблеяга шайлоо өтүп жатат. Анда Испаниядан көз карандысыздыкты жактаган партиялардын блогу жеңишке жетүү ыктымалдыгы жогору экени айтылууда. Бул блоктун жетекчилери шайлоодогу жеңиш 18 айдын ичинде бир тараптуу өз алдынчалык жарыялоого өбөлгө түзөт деген ишеничте турат.

Расмий Мадрид бул билдирүүлөрдү четке кагууда. Премьер-министр Мариано Рахой жетектеген өкмөт провинциянын көз карандысыздык жарыялоо боюнча референдум өткөрүүсүнө каршы болуп келет.

Өткөн жылдын 9-ноябрында Каталонияда расмий Мадриддин каршылыгына карабай чөлкөмдүн төбөлсүздүгү боюнча референдум өткөн. Референдумдун жыйынтыгы мыйзамдык күчкө ээ болбогону менен ага эки миллион адам катышып, 80% Испаниядан бөлүнүүнү колдогон.

Каталония Испаниянын түндүк-батышында жайгашкан, экономикалык жактан өнүккөн аймак. Саны жети жарым миллионго жеткен каталониялыктардын маданияты жана тили Испаниянын башка бөлүктөрүндөгү калктардан кыйла айырмаланып турат.

XS
SM
MD
LG