Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

“Кыргызстан” менен “Республика Ата-Журттун” чырын милиция иликтөөдө


“Кыргызстан” партиясынын Кадамжай районундагы жарнамаларынын айрылышы боюнча жергиликтүү милиция эки жаранды кармады. Аталган партиянын басма сөз кызматы шектүүлөр “Республика Ата-Журт” партиясынын үгүттөөчүлөрү экенин “Азаттыкка” билдирди.

Райондук Ички иштер бөлүмүнүн жетекчи орунбасары Алдаяр Имамназар уулу билдиргендей, 26-сентябрга караган түнү Кадамжай шаарында, Халмион жана Орозобеков айыл аймактарында бир канча жарнамалык баннерлер жыртылган. Милицияга “Кыргызстан” партиясынын Баткен облустук штабы арыз менен кайрылып, шектүүлөр колго түшкөн. Тактоо иштери жүрүп жатат.

“Кыргызстан” партиясы келтирилген зыян 275 миң сом экенин айтууда. "Республика Ата-Журт" партиясы бул боюнча комментарий бере элек.

26-сентябрда Жалал-Абадда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан өкүлү Абдыманап Абдыбахаповду “Республика Ата-Журттун” теңтөрагасы Камчыбек Ташиев сабап койгону айтылып, кылмыш иши козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG